• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкектен Махачкалага авиакаттамдар жанданат

Коом 0

Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. Ушул жылдын 24-июнунда «Урал аба жолдору» авиа компаниясы Махачкала-Бишкек-Махачкала багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамды калыбына келтирүүнү максат кылууда.

«Манас» аэропортунан билдиришкендей, каттамдар жумасына бир жолу - ишемби күндөрү аткарылат.

Эске салсак, Red Wings Airlines аталган багыт боюнча жумасына бир жолу – шаршемби күндөрү каттамдарды аткарат.

«Манас» ААКсы бул каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий