• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда бир жумада 22 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Коом 0

Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы жумада 21 миң 839 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 233;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 228;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 59;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 641;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 5321;
- авто ээнбаштык - 5;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3609;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 2;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 ми741;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 640 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий