• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Соода-өнөр жай палатасы Германияда такшалмадан өтүү боюнча ишкерлердин арыздарын кабыл ала баштады

Коом 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. КРнын Соода-өнөр жай палатасы Германияга такшалма боюнча жеке ишкерлерден арыздарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы

Маалыматка ылайык, КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен Федералдык экономика жана климатты коргоо министрлигинин "Fit for Partnership with Germany" биргелешкен программасы - бул:

  • 10 айлык стажировка, анын ичинде 2 жума Германияда;
  • Немец ишканалардын алдыңкы тажрыйбасы менен таанышуу;
  • Чет элдик жеке ишкерлер менен түздөн-түз байланышуу;
  • В2В жолугушуулар;
  • Эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгү;
  • Өздүк бизнестин атаандаштыгын күчөтүү;
  • Шык-жөндөмдөрдү өркүндөтүү;
  • Программанын 21 мамлекеттен 15 миң бүтүрүүчүлөрү менен өз ара аракеттенүү.

Белгиленгендей, арыздар 2022-жылы 20-мартына чейин кабыл алынат.

Программанын мүнөздөмөсү:

  • Таанышуу этабы – 2 жума
  • Окутуу этабы – 8 жума

Анын ичинде:

- Онлайн окутуу – 6 жума

- Германияда болуу – 2 жума

- Ишке ашыруу этабы – 6 ай.

- Тандоого катышуу үчүн талаптар:

- Жогорку билим

- Ишканада башкаруучулук жана кесипкөйлүктүн эң кеминде 2 жылдык тажрыйбасы;

- Эң кеминде 5 жылдык стаж;

- Талапкер немистик компаниялар менен кызматташууну жөнгө салууга кызыктар болгон ишканадан болушу шарт;

- Талапкердин бизнес-долбоорлор боюнча так, даана идеялары болушу керек;

- Орус жана/же англис тилдеринде эркин сүйлөй билүүсү (эки топ болот);

- Жогорку коммуникативдик жана тартуулай билүү жөндөмдүүлүгү.

"Талаптарга төп келгендер гана оозеки маектешүүгө чакырылат. Тандоого катышуу үчүн зарыл болгон документтер баштыгын алуу үчүн managerprogrammkg@gmail.com дарегине жазыңыздар (каттын темасына толук аты-жөнүңүздү жана "Германияда стажировка" деп баш сабын көрсөтүңүз)", - деп айтылат маалыматта.

КР Соода-өнөр жай палатасы кошумча суроолор боюнча 0312 90 15 20, 0770 880 818 телефон номурларына чалууну өтүнөт.

Маалымат үчүн: "Fit for Partnership with Germany" Программасы КРда 2007-жылдан тарта иштейт. 2017-жылдан баштап ал КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Бизнес-билим берүү борбору (БББ) аркылуу ишке ашырылат.

Бүгүнкү күндө Программага 300дөн ашуун кыргызстандык ишкерлер катышты. Немистик ишкерлер менен өз ара аракеттенүүдөн улам эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу өнүгүп, көзгө илинээрлик натыйжаларды бере алды: 2017-2019-жж. эки өлкө ортосунда товар алмашуу 26 млн. еврого жакындады.

Программанын аркасында учурда немистик өнөктөштөр менен ийгиликтүү иштеп жаткандар: "Адал Азык" ЖЧКсы, "Куликовский" СМ, "М-Вектор" ЖЧКсы, "Eurasia Group KGZ” ЖЧКсы, "Алайку Органикс" ЖЧКсы, "Asian Med Trade" ЖЧКсы, "Nomad Greenhouse" ЖЧКсы жана башкалар.

Пикир

Оставить комментарий