• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Нарын дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы бала изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Нарын дарыясына 8 жаштагы Т.Т. аттуу жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 31 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 60 адам жана 23 милиция кызматкер тартылган. Жалпы 55 чакырым аралыкта издөө иштери жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

9-март күнү издөө иши улантылат.

Пикир

Оставить комментарий