• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкектен Ош шаарына 100 троллейбус жеткирилет – "Кыргызиндустрия"

Коом 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. "Кыргызиндустрия" ААКтын туунду ишканасы "Кыргызчеттранс-Ош" ЖЧКсы 2-сентябрдан тарта Бишкектен Ош шаарына троллейбустарды ташып жеткирүү ишин баштады.

"Кыргызиндустрия" ишканасынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ош шаардык мэриясы тарабынан жарыяланган тендердин негизинде бул ишти алып баруу милдети “Кыргызчеттранс-Ош” ЖЧКсына жүктөлгөн.

"Негизинен 100 троллейбус, трасформаторлор, электр чубалгылары жана мамычалар жеткирилет. Жалпысынан 152 рейс жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Кыргызчеттранс – Ош" ЖЧК - эл аралык жана ички жүк ташууларды уюштурууга багытталган транспорттук-логистикалык компания.

Пикир

Оставить комментарий