• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын жеңүүчүлөрүнө байге тапшыруу уланууда

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын биринчи этабындагы смартфондун жеңүүчүлөрү өз байгелерин ала башташты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөрдүн саны 1132 адамды түзгөндүктөн, байгелер этап-этабы менен тапшырылууда.

Алгач ноутбуктун ээлери өз байгелерин алышты. Эми чек чогултуу аракетине смартфон ыйгарылган жарандарга кезек келди. Андан кийинки бактылуу адамдарга iPhone 14, андан соң чет өлкөгө жолдомолор жана электромобилдер тапшырыла баштайт.

Салык кызматы байгелерди план менен тапшырууда, жеңүүчүлөрдүн бири да унутулбайт, алардын ар бири менен байланышып, байгелерди тапшыруу күнүн жана убактысын такташат.

Эскерте кетсек, утуштар 2023-жылдын 26-июнунан 1-июлуна чейин өткөрүлгөн.

Кийинки утуштар 25-30-декабрда өтөт. Бул күндөрү Бишкектен 10 батирдин, 11 электромобилдин, чет өлкөгө 4 жолдомонун, 521 iPhone 14, 519 смартфондун, 158 ноутбуктун жана Дайсон маркасындагы 21 фендин ээлеринин ысымдары аныкталат.

Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жана андан соң бул тиркеменин жардамы менен товар же кызматтарды сатып алуудан алынган кассалык чектерди сканерлөө жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий