• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

КМШга мүчө мамлекеттердин аудит жетекчилери онлайн жыйын өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Бүгүн КР Эсептөө палатасынын төрагалыгы астында КМШга мүчө өлкөлөрүнүн мамлекеттик аудиттин жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин ХХ сессиясы болуп өттү.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, видео-байланыш форматында өткөн иш-чаранын темасы - “Мамлекеттик аудиттин көз карандысыздыгын камсыз кылуу".

Сессиянын жүрүшүндө мамлекеттик башкаруунун жогорку органдарынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу маселелери талкууланды. Анда, Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик аудит органдарынын, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин жетекчилери баяндама жасашты.

Сессиянын жыйынтыгы боюнча XX сессиянын резолюциясы чечими кабыл алынды, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик аудиттин (финансылык контролдоонун) жогорку органдарынын жетекчилеринин кеңешинин XX жана XXI сессияларынын ортосундагы мезгил аралыгына иш планы бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий