• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Алга-Бишкек" футболдук клубуна жаңы жетекчи жана спорт директору дайындалды

Спорт 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Нурзат Кадыркулов "Алга-Бишкек" футболдук клубуна жаңы жетекчи болуп келди. Ошондой эле, жаңы спорт директору болуп Игорь Гавшин дайындалды. Тиешелүү буйруктарга Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгондугун Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинен билдиришти.

Белгилей кетсек, Нурзат Кадыркулов буга чейин "Дордой" футбол клубунда машыктыруучу кызматты аркалаган, ал эми Игорь Гавшин балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин оюн жана кышкы спорт түрлөрү боюнча спорт директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий