• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкектиктер эми мобилдик тиркеме аркылуу маршруткалардын кыймылына көз сала алат

Коом 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Санариптик технологиялар борбору тарабынан "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде жана Бишкек шаарынын мэриясынын e-meria.kg порталында кошумча модул иштелип чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эми “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинде троллейбустардын жана автобустардын жайгашкан жеринен тышкары, шаардыктарга кичи автобустардын кыймылы боюнча кошумча маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

"Кошумча функцияны колдонуу үчүн тиркемени жаңыртуу керек же Play Market`теги шилтемеден жүктөп алууга болот. Ошондой эле колдонмо iOS үчүн App Store дүкөнүндө жеткиликтүү. Мобилдик тиркемеден тышкары e-meria.kg порталынын "Коомдук транспорт" бөлүмүндө каалаган маршрутту (автобустар, троллейбустар, кичи автобустар) тандоо менен коомдук транспорттун жайгашкан жерине да көз салууга болот", - деп кошумчалашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий