Бишкектиктерге таштанды чыгаруу үчүн эко баштыктар таратылды

Коом 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Бишкектиктерге "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан дүмүрчөктөр менен бирге таштанды чыгаруу үчүн эко баштыктар таратылууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул иш-чаралар таштанды чыгаруу процессин оптималдаштыруу жана жол кыймылына терс таасирин азайтуу максатында жүргүзүлүүдө.

Таштандыларды кечинде чогултуу жол тыгындарын азайтууга гана жардам бербестен, чыгымдарды да азайтат. Мындан тышкары, бул операция бардык катышуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылып, шаардагы транспорттун кыймылы эң аз учурда жүргүзүзүлөт.

Эскерте кетсек, жол тыгындарын азайтуу жана катуу таштандыларды чыгаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында жарандарга таштандыларды саат 19:00дөн кийин чырауу сунушталган.

Пикир

Оставить комментарий