• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын Берлиндеги элчилигинде “Тоскоолсуз дүйнө үчүн” аттуу темада подиумдук дискуссия өттү

Коом 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 3-майда Кыргызстандын Берлин шаарындагы элчилигинде жыл сайын 5-майда өтүүчү Майыптардын укуктары үчүн күрөшүү эл аралык күнүнө арналган “Тоскоолсуз дүйнө үчүн” аттуу темада подиумдук дискуссия өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Аталган иш-чара германиялык өнөктөштөр менен өткөрүлүп, эң негизги максаты Германиянын коомчулугунун көңүлүн Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга буруу болду.

Кыргызстандын Германиядыгы элчиси Эрлан Абдылдаев өз сөзүндө Кыргызстан 2019-жылдын март айында БУУнун майыптардын укутары жөнүндө конвенциясын ратификациялоо тууралуу айтып, азыркы тапта Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн эң базалык шарттарды түзүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Ошондой эле германиялык тарапты Кыргызстанда тиешелүү социалдык проекттерди активдүү түрдө ишке ашырууга чакырды.

Иш-чаранын алкагында германиялык өнөктөштөр тарабынан “Кыргызстандык майыптардын коомуна” атайы жасалгасы менен мини-бус тартуулоо проекттин бет ачары болду.

Иш-чарага германиянын Бундестагынын депутаты, Борбор Азия тобунун жетекчисинин орун басары Андре Хаан, Германиянын майыптар ассоциациясынын жетекчиси Маркус Граубнер, Германиянын федералдык Батыш-Чыгыш коомунун жетекчиси Петер Франке жана башкалар катышты.

Подиумдук дискуссия интернет булактарында онлайн форматында көрсөтүлүп, YouTube каналында да жайгаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий