• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкектин 4 районуна аялдарга жана балдарга тез жардам көрсөтүү үчүн соцунаалар берилди

Коом 0

Бишкек, 25.11.23. /Кабар/. Борбор калаанын муниципалитетинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана андан жапа чеккен аялдарга жана балдарга тез жардам көрсөтүү үчүн унаалар тапшырылды.

Мэриядан билдиришкендей, унааларды мэр Айбек Жунушалиев төрт райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилерине н тапшырды.

Социалдык унаа Кыргызстандагы жалгыз социалдык кызмат. Анын иши ырайымсыз же зомбулукка кабылган балдарга тез жардам көрсөтүүгө керек;

- балдарды өмүрүнө коркунуч туудурган кырдаалдардан тез арада чыгарууда жана аларды борборлорго жеткирүүдө;

- балдарды интернатка которууда тергөө иштерине, соттук териштирүүгө, медициналык кароолорго балдарды коштоп жүрүүгө;

- рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө кайырчылыкка, селсаяктыкка катышкан аялдарды жана балдарды, кароосуз калган жашы жете электерди аныктоодо шашылыш барууга;

- турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды аныктоо боюнча шаардык жана райондук рейддердин жүрүшүндө жер-жерлерге чыгууга.

“Социалдык унаа” салонунда документтерди тариздөө, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн үстөл орнотулуп, аялдарды жана балдарды ташууга, мобилдик топтун кызматкерлерине шарттар түзүлгөн. Бул кызмат суткасына 24 саат, жумасына 7 күн көрсөтүлөт.

Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акция бүгүн, 25-ноябрдан тарта башталды, анда аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырат. Глобалдык кампания жыл сайын 25-ноябрда Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрга чейин адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин уланат.

16 күндүк өнөктүк аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук боюнча унчукпай коюуну жана дискриминациянын бардык түрлөрүн токтотуу үчүн жамааттык аракеттерди жандандырууну көздөйт.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен жана турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдар менен балдарга кызмат көрсөткөн кризистик бейөкмөт борборлорго жыл сайын колдоо көрсөтүп келет.

Ошондой эле балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо маселелери боюнча маалыматтык-агартуу иш-чаралары туруктуу негизде жүргүзүлүп, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий