Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Бишкектин 6-кичи районунда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 25-декабрда саат 08:30дан 18:00гө чейин жылуулук тармагындагы бузулууну жоюу максатында, 6-кичирайондо жылуулук жана ысык суу болбойт.
Белгиленгендей, суу түтүгүнүн жарылган жерлери аныкталып, ширетүү иштери пландалган.
Токтотуу төмөнкү үйлөргө тиешелүү:
6-кичирайондун №15, 16, 17, 18, 19, 20, 21, 22, 38, 39, 40, 41 үйлөрү. №44, 84 бала бакчалар, №56 орто мектеп.
"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.
Пикир
Оставить комментарий