• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Айыл чарба министри Кыргызстандын Кореядагы элчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Кечээ, 1-апрелде КР айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Кыргызстандын Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө, аймактарды сугат суу менен камсыз кылуу боюнча маселелерди талкуулашты. Ошондой эле, донорлор жана эл аралык уюмдардын каржылоосунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө сөз болду.

Министр Аскарбек Жаныбеков өз сөзүндө, суу чарба тармагындагы ирригациялык 4 обекти ишке ашыруу максатында инвестициялык жактан каржылоо сунушун билдирди.

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова министрлик тараптан берилген сунуштарды ишке ашырууга аракеттерди көрөрүн айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап айыл чарба багытындагы долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий