Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында 27-майдан 14-июлга чейин газ жок болот, - деп билдирет "Газпром Кыргызстан" ишканасынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, газ берүү төмөнкү даректерде жок болот; Бишкек шаарынын Л.Толстой, Киров көчөлөрүндө, Новопавловка айылында-ЧЧК-Ала-Арча дарыясынын аймагында.
"Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий