• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда кыш мезгилинде 2,7 млн тонна көмүр керектелет

Коом 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. 2023-2024-жылдын кыш мезгилинде кыргызстандыктар жалпы 2 млн 746 миң тонна көмүр керектейт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен бюджеттик мекемелерге 298 миң 900 тонна тартылат, учурда анын 21 миң 48 тоннасы камсыз болду.

"Ал эми Кыргызстандын калкы үчүн 1 млн 247 миң тонна көмүр керектелет, учурда камсыздоо 233 миң 300 тоннаны түзөт", - деди Ибраев.

Министр кошумчалагандай, Бишкек ЖЭБи 1 млн 200 миң тонна көмүр сарптайт, анын 600 миң тоннасы Казакстандан, калганы жергиликтүү көмүр кендеринен алып келинет.

"Азыркы учурда ЖЭБге 280 тонна көмүр жеткирилди. Быйылкы жылы көмүрдүн тоннасы 4,5 - 5 миң сомго чейин болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий