Кыргызстанда керектөө баалары жана тарифтер 5,5% өстү

Экономика 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында (мурунку жылдын декабрь айына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 5,5 пайызды түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын маалыматына караганда, мында алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын баалары – 9,5 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар – 8,2 пайызга, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар – 3 пайызга, ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 6,2 пайызга жогорулады.

Шокенов үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык региондорунда байкалгандыгын кошумчалады.

Мында баалардын максималдуу жогорулашы (11,8 пайызга) Нарын облусунда катталды, бул алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын (17,3 пайызга), азык-түлүк эмес товарлардын (15,4 пайызга), тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын (7,9 пайызга), ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтеринин (13,6 пайызга) башка региондорго салыштырмалуу эң көп кымбатташы менен шартталды.

Пикир

Оставить комментарий