Бишкек, 31.10.17. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында 31-октябрдан 3-ноябрга чейин газ жок болот. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашты.
Ага ылайык газ берүү төмөнкү даректерде жок болот;
- 31-октябрдан 1-ноябрга чейин Токтоналиев көчөсүнөн “Детской деревни” айылынан Түштүк магистралга чейин;
- 31-октябрдан 2-ноябрга чейин “Аламүдүн 1” кичирайону, Энергетиктер, куруучулар, шаарчасы, Ленин, Калинин көчөлөрүндө, Жеңиш проспектиси, Сельская көчөсү;
- 2-3-ноябрга чейин Медеров, Панфилов, Горький жана Абай көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулат.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий