• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Транспорт министрлиги ашуулардагы абал боюнча маалымат таратты

Коом 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы өлкө ашууларындагы абал тууралуу маалымат берди.

6-февралга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттамдардын бардыгы ачык.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.

Жол тазалоо, инерттик материалдарды себүү менен кеңейтүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, жолчулар тарабынан:

  • Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун (75-345-чакырым аралыгы) четин тегиздөө жумуштары аткарылды;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 221-271-чакырым аралыгына ыргытылган таштандылар терилип, жол чети тазаланды;
  • Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 110-111-чакырым аралыгына түшкөн таштар алынды;
  • Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 11-чакырымында жайгашкан түтүктөгү тоңуп калган музду чагып, тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий