• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте робототехника боюнча мектеп окуучуларынын биринчи улуттук олимпиадасы өттү

Билим 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Бишкекте робототехника боюнча мектеп окуучуларынын STEM FIRST биринчи улуттук олимпиадасы өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиршти.

Олимпиадага Кыргызстандын мектептеринен 6 жаштан 16 жашка чейинки 160 окуучу катышты. Анын жүрүшүндө кызыктуу робот мелдештери жана көрсөтмө оюндар өткөрүлүп, ар түрдүү категориядагы командалар инновациялык долбоорлорду презентациялашты жана коргошту.

Улуттук олимпиаданын 6 жаштан 10 жашка чейинки катышуучулары FIRST LEGO League Explore категориясында, 10 жаштан 16 жашка чейинкилер FIRST LEGO League Challenge категориясы боюнча катышышты.

Олимпиаданын негизги максаты — технологиялык жана инновациялык сабаттуулукту өркүндөтүү, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, окуучулардын программалоо көндүмдөрүн жана чыгармачылыгын өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанда STEM мектеп жамаатын түзүү.

Белгилей кетсек, олимпиада Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Европа Биримдигинин жана “Маариф” билим берүү комплексинин колдоосу менен уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий