Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Бишкектин айрым райондорунда 14-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
"Кечирим сурайбыз. Борбор калаанын айрым райондорунда ысык суу болбойт – газ түтүктөрү киргизилип жатат. "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасы ысык сууну 14-июнга чейин токтотуп турууга мажбур", - деп айтылат маалыматта.
Ысык суу төмөнкү даректерде жок болот:
- Патрис Лумумба көчөсү №48-110;
- №110 бала бакчасы;
- Костанай көчөсү №38,40;
- Астрахань көчөсү №33;
- Красноводск көчөсү №1А;
- Нарвская; - Профсоюз көчөлөрү;
- Сельповская көчөсү;
- Жибек Жолу №625.
Пикир
Оставить комментарий