• 88.68
  • 95
  • 0.95

Конституциянын долбоору: Президенттин алдында балдар укуктары боюнча өкүлчүлүк түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Конституциянын жаңы долбоорунда социалдык маселелер күчөтүлдү. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин жыйынында кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын айтымында, Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун структурасы өзгөрүүсүз калды.

"Учурда жалпы 118 берене бар. Анын 22си конституциялык түзүлүштүн негиздери боюнча, 45и адам укуктары жана 45и бийлик органдары тууралуу жазылган", - дейт ал.

Бөрүбашев кошумчалагандай, президенттин алдында балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк кызматты түзүү чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий