• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто спорт мекемелери каттоодон өтүп, багыты аныкталат

Аймак 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагындагы спорт мекемелери толук каттоодон өтүп, уставдары жазылат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-январда Ош облусунун аймагында спорттук мекемелеринин жетекчилери жана акимдердин орун басарлары, спорттук комитетинин өкүлдөрү катышкан жыйын өттү. Анда спорт мекемелерин каттоо керектиги тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлү Жарасул Абдураимов тапшырма койду.

"Спорт - бул достуктун, эмгекчилдиктин, туризмдин символу болушу керек. Антпесе, айрымдардын кесепетинен спортчуларга карата "каралар", "кимдир бирөөнүн куралы" деген пикир калыптанган. Аны жоебуз. Ал үчүн эң биринчи мамлекеттикпи же жеке тарапка тиешелүүбү бардык спорт мекемелери каттоодон өтүп, багытын аныктап, уставын бекитип, ошол багытта гана иш алып баруусун колго алуубуз керек", - деди Абдураимов.

Эскерте кетсек, облустун аймагында жергиликтүү бюджеттен жана жеке тараптардын колдоосу менен 30дан ашык спорттук мекемелер ачылган.

Пикир

Оставить комментарий