• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы депутат келди

Аймак 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы депутат келди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардык кеңештин кезексиз XXXVII сессиясында төрага Нуртилек Орозбаев "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан депутат болуп келген Уланбек Чыбылаевге төш белги жана күбөлүк тапшырып, депутаттык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Ал өз арызы менен мандатын тапшырган «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын депутаты Жыргал Маатжакыповдун ордуна келди.

Уланбек Чыбылаев учурда жеке ишкердик менен алектенет.

Пикир

Оставить комментарий