• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Жалал-Абадда айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарына каттап, жүргүнчү ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларга аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жолго чыкпай туруу сунушталды.

Ошондой эле айдоочуларга атайын эскертме кагаздары таратылды.

Пикир

Оставить комментарий