• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында мектеп окуучуларынын тамагынынын сапатын жакшыртуу маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Ош шаардык мэриясында вице-мэр Венера Рыскулованын төрагалыгынын астында окуучулардын саламаттыгына кам көрүү багытында түзүлгөн Координациялык комиссиянын жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө жумушчу комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгында шаардагы кенже класстарга берилүүчү ысык жана шашке тамакты даярдоодо жана берүүдө санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык нормаларынын талаптарынын сакталышы, тамактын сапаттуулугу боюнча Оштогу райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунун башкы дарыгеринин орун басары М.Өмүрзаков, Өзгөчө кырдаал министрлигине караштуу өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары, Ош жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Г.Базарбаевдин маалыматтары угулду.

М.Өмүрзаков өзүнүн сөзүндө мектеп ашканаларындагы текшерүү белгиленген тартип боюнча жана жарандардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлгөнун баса белгиледи.

Бүгүнкү күндө Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 53 жалпы билим берүүчү мектептерде 75 054 окуучу билим алат. Алардын ичининен 1-4 - класстарда 33 001 окуучу окуп, 23 459 окуучуга шашке тамак (булочка, печенье ж.б.) жана 9 542 окуучуга ысык тамак берилет.

2018-2019-жылдары Ош шаардык билим берүү башкармалыгында кенже класстарды шашке тамак менен камсыз кылууга тараптарды тандап алуу үчүн тендердик комиссия түзүлгөн. Комиссия тандап алган кондитердик цехтер шаар мектептеринин окуучуларын тамак-аш жана сүт менен камсыздайт. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча көпчүлүк кондитердик цехтер санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарды толук сакташкан эмес. Текшерүүнүн жыйынтыгында шаардагы 16 мектепке тазалыкты жана санитардык талаптарды сактабагандыгы үчүн 42 000 сомдук айыппул салынды.

Жыйындын аягында Координациялык комиссия мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү жана оорулардын алдын алуу борборунун башкы дарыгеринин орун басары М.Өмүрзаковдун жана Өзгөчө кырдаал министрлигине караштуу өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары, Ош жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Г.Базарбаевдин берген маалымкаттарын негиз кылып, КР өкмөтүнүн 11.04.2016-жылындагы №201 жана Ош шаардык мэриясынын 08.12.2020-жылдагы №372 токтомдорун аткарбагандагы үчүн Билим берүү жана илим министрлигине Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисине карата тиешелүү чара көрүү сунушун киргизүү, ал эми мектеп директорлоруна жана кондитердик цехтердин жетекчилерине бир айлык мөөнөттө кетирген кемчиликтерин толугу менен жоюу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий