Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Бишкектин айрым райондорунда газ берүү убактылуу токтотулат, - деп билдирет "Газпром Кыргызстан" ишканасынын басма сөз кызматы.
Ага ылайык, гез берүү төмөнкү даректерде жок болот;
-18-19-сентябрда Бишкек шаарынын Волков, Мессароша, Дубосековский, Кайназаров көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;
- 19-сентябрда саат 9:00-16:00гө чейин Жалал-Абад шаарында;
- 19-сентябрда саат 9:00-17:00гө чейин Аманбаево айылынын Жолдошев көчөсүндө;
- 19-20-сентябрда Бишкек шаарынын Айни, Кудайбергенов, Сухомлинов, Табалдиев көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;
- 20-21-сентябрда Бишкек шаарынын Пр.Зимы, Баялинова, Манаса, БЧК көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында.
"Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий