• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 4-августтан 12-августка чейин Бишкек шаарынын Ибраимов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жана Ибраимов 24/4 дарегинде жайгашкан 1972-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштерине байланыштуу жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу Бишкек шаарынын төмөнкү көчөлөрүнүн чектешкен аймагында жаратылыш газы убактылуу токтотулат:

  1. Байтик Баатыр, Л.Толстой, Элебаев, Кулатов;
  2. Байтик Баатыр, Кулатов, Ж.Пудовкин, Горький;
  3. «Автомаш Радиатор» ЖЧКсы, «Алькони» ЖЧКсы, Матросов көч. 1а, «Санкейп» ЖЧКсы, Матросов көч. 1в, «Байтур» ЖЧКсы, Ж.Пудовкин көч. 41.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий