• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" Жеңүүчүлөргө байгелер тапшырыла баштады

Коом 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 26-июнунан тартып 1-июлуна чейин ойнотулган "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшыруу процессин баштады.

Ведомстводон билдиришкендей, жеңүүчүлөрдүн саны 1132 адамды түзгөндүктөн, байгелер этап-этабы менен тапшырылат.

Алгач Lenovo маркасындагы ноутбукту утуп алган бактылуу адамдар өз байгелерин алышууда.

Байгени алуу үчүн жеңүүчү анын инсандыгын тастыктаган документти көрсөтүшү керек. Утушту ошондой эле нотариалдуу күбөлөндүрүлгөн ишеним каты менен анын өкүлү да ала алат.

Белгилей кетсек, кызыктыруучу лотереянын утуштарына киреше салыгы салынбайт жана башка жыйымдар төлөнбөйт.

Салык кызматкерлери лотереянын жеңүүчүлөрү менен байланышып, байгелерди тапшыруунун датасы жана убактысы жөнүндө кабарлашат.

Эскерте кетсек, 25-30-декабрь күндөрү лотереянын экинчи этабы өткөрүлүп, анын алкагында Бишкектен 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен ойнотулат.

Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жана андан соң бул тиркеменин жардамы менен товар же кызматтарды сатып алуудан алынган кассалык чектерди сканерлөө жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий