Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Коом 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу “Бишкекгаз” газ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, орто жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 1-3-июль күндөрү Бишкектин Куттубаев, Токомбаев, Айтиев, Жетикашкаев көчөлөрү менен чектелген аймагында газ берүү убактылуу токтотулат.

“Бишкекгаз” газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий