Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

Коом 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт. Бул тууралуу "Бишкекгаз" газ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 18-19-июнда Сүйөркулов, Юнусалиев, Каралаев, Шопен көчөлөрү менен чектешкен аймакта газ берүү убактылуу токтотулат.

Бул убакта орто жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт.

"Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий