• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

27-январда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 27-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда 0…+5, Талас облусунда -1…+4, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +1…+6, Ысык-Көл облусунда 0…+5, Нарын облусунда -6…-11 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +2…+4 градуска көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий