• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Ак-Бата кичирайонунда 660 орундуу мектеп курулат

Коом 0

Бишкек, 14.02.24./Кабар/. Бишкектин Ак-Бата кичирайонунда 660 орундуу жалпы билим берүү мектеби курулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Муниципалитеттен белгилешкендей, ошондой эле быйыл аталган кичирайондо №9 балдар искусство мектебинин, №1 интернаттын имаратына кошумча спорт залдын жана №68 гимназиянын аймагындагы спорт корпусунун курулушу аяктайт.

“Өз кезегинде, билим берүү уюмдарынын авариялык корпустарында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий