Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ак-Босого конушунун жолу асфальтталды.
Мэриядан билдиришкендей, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан "Ак-Босого" конушундагы №101 мектептин жолуна асфальт төшөө иштери аяктады. Ошондой эле окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн тротуар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Буга чейин жолчулар эски асфальтты сыйрып, бордюрларды, ирригация системасын орнотуу жана асфальт төшөө үчүн даярдык иштерин жүргүзүшкөн.
Учурда объекттеги негизги иштер аяктады. Эми жол белгилерин коюу жана жол чийиндерин чийүү иштери аткарылат.
Пикир
Оставить комментарий