Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Бишкектин Ала-Тоо аянтын толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу "Бишкекбашкыархитектура" МИ коллегиялык жыйынында борбор калаанын башкы архитектору — ишкананын башчысы Урмат Карыбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, борбордук аянтты маданий жана туристтик объектке айлантуу мерчемделүүдө.
"Павильондордо атайын фирмалык жана эксклюзивдүү бутиктер жайгашат", - деди Карыбаев.
Пикир
Оставить комментарий