• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бейшеналиев: ҮДБ жана аймактардагы дарыгерлер 35 миңден 60 миң сомго чейин маяна алууда

Коом 0

Бишкек. 21.12.23. /Кабар/. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жана өлкөнүн аймактарындагы дарыгерлер 35 миңден 60 миң сомго чейин маяна алууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жаш адистер 11 миңден 13 миң сомго чейин айлык акы алышат.

“Кабар” агенттигине Саламатык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгында өлкө боюнча дарыгерлердин эмгек акысы 24 миң сомду түздү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, административдик-башкаруу персоналынын эмгек акысы 20,4 миң сомду, орто медициналык персоналдыкы 19,5 миң сомду, кенже персоналдыкы 13,9 миң сомду, башка персоналдыкы 14,2 миң сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий