• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы оюн түйүндөрү алынды

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтындагы оюн түйүндөрү алынды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук администрациясынын экономика жана каржы бөлүмүнүн адистери “Тазалык” ишканасынын жана жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте борбордук Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз орнотулган жеңил объектилерди жана оюн түйүндөрүн демонтаждоо боюнча кезектеги рейд өткөрүштү.

"Бул жолу 6 оюн-зоок курулмасы алынып, райондук администрациянын жана МАБдын кызматкерлери тарабынан КР «Бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык протоколдор түзүлдү. 1 кварталда 25 мыйзамсыз объект демонтаждалды", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Муниципалитеттен белгилешкендей, акимчилик аталган курулуштардын ээлеринен аларды мыйзамдуу түрдө атайын бөлүнгөн жайларда пайдаланууну бир нече жолу эскерткен, бирок, ага карабастан сатуучулар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет.

Бишкек мэриясы жарандардан эрежелерди сактап, мындай курулуштарды атайын бөлүнгөн жерлерге жайгаштырууну суранат. Мэрия ошондой эле эрежелер сакталбаган учурда КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык айыппул салынарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий