• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Шайлдабекова: Гендердик теңчилик кайсы өлкө болбосун туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүү негизи

Коом 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. “Гендердик теңчилик кайсы өлкө болбосун туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүү негизи болуп саналат”,-деди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова “Депутат-аялдар – күчтүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” темасында Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдун жүрүшүндө.

Анын айтымында, өлкөнүн улуттук өнүгүүсү кыргызстандык аялдардын коомдогу жана өлкөнүн экономикасындагы жетекчилик кызматтарга канчалык деңгээлде катышып, ээлей тургандыгынан түздөн-түз көз каранды. КРда туруктуу өнүктүрүү максатына жетүү жолу мамлекеттин гендердик теңчилик жана аялдардын укугу боюнча милдеттенмелерди аткаруу боюнча иш-аракеттерин канчалык деңгээлде тездетишинен көз каранды.

“Кыргызстандын шайлоо тутуму 2015-жылдан бери реформалаштыруу жана демократташтыруу процессинде. Бул реформаларда бир катар жетишкендиктерге ээ. Реформалардын алкагында аялдардын шайлоо процесстерине шайлоочу катары да, талапкер катары да активдүү катышуусун камсыздоо өтө маанилүү болду. Ушуга байланыштуу 2018-жылы кабыл алынган шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясы, инклюзивдүүлүк маселеси, башкача айтканда аялдардын активдүү жана пассивдүү шайлоо укуктарын тартуу жана толук ишке ашыруу №1 стратегиялык максат катары киргизилген. Бүгүнкү күндө биз кандай иштедик, эмнелер ийгиликтүү болду жана кандай көйгөйлөр калганына сереп жүргүзө алабыз. Аталган стратегиянын алкагында айылдык кеңештерге аялдардын 30% мандатты ээлөөсү киргизилген”,-деди Боршайкомдун төрайымы.

Пикир

Оставить комментарий