• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Муфтийдин кызмат ордуна сынак жарыяланды. Документтердин тизмеси

Коом 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Анын биринчи орун басары Самидин Атабаев муфтийдин милдетин аткаруучу болуп бекиди.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан муфтийдин кызмат ордуна сынак жарыялангандыгын билдиришти. Талапкерлер 2024-жылдын 27-январынан 6-февралына (саат 17:00гө чейин) чейин документтерди тапшырышы керек. Дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси, 264/3. Муфтияттын имараты (2-кабат, 11-бөлмө).

Үстүбүздөгү жылдын 10-февралында Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз курултайы чакырылат.

Каттоого катышуу үчүн керектүү документтер:
1. Талапкердин Каттоо комиссиясынын төрагасынын наамына жазган арызы;
2. Кадрларды каттоо баракчасы 4 даана ¾ өлчөмүндө сүрөтү менен (байланыш маалыматтары, жашаган жеринин дареги сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек);
3. Паспортунун көчүрмөсү (ID карт);
4. Резюме. (Устазынын аты-жөнү, илимий жетишкендиктери, иш тажрыйбасы жана алган сыйлыктарына басым жасалат);
5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
6. Мүнөздөмө (КМДБдан же облустук / шаардык Казыяттардан);
7. Жогорку диний жана жогорку светтик билимин тастыктоочу документеринин көчүрмөлөрү;
8. Соттолбогондугу тууралуу аныктама каты.

Муфтий болууну каалагандар үчүн коюлган талаптар:
1.
Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө түшүнүгү бар;
2. Матуриди акыйдасын жана Ханафий мазхабын терең билген жана карманган;
3. Жогорку диний жана жогорку светтик билимге ээ;
4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн;
5. КМДБнын курамында беш жылдан кем эмес жетекчилик кызматта иштеген;
6. Мусулман коомчулугунун, туугандарынын, үй-бүлөсүнүн арасында аброю жогору болгон жана элдин ишенимине кирген;
7. Мурда соттолбогон;
8. Эч бир саясий партияларга жана кыймылдарга катышы жок;
9. Жетекчилик, уюштуруучулук жана лидерлик сапатка ээ;
10. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;
11. Мамлекеттик жана араб тилдеринде эркин сүйлөгөн жана мына ушул тилдерде өз ой пикирин кеңири жаза алган Кыргыз Республикасынын жараны Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна талапкер катары каттала алат.

Пикир

Оставить комментарий