• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эрлан Абдылдаев Тажикстандын эмгек, миграция министри менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 06.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Душанбе шаарында Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министри Гулнора Хасанзода менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу бүгүн, 6-июнда өтүп, анын жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде миграция чөйрөсүндө, Кыргызстандын жарандарынын Тажикстанда жүрүүсүнүн маселелерин жана эки тарапты кызыктырган бир катар башка маселелерди талкуулады.

Тараптар Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги менен Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлигинин ортосундагы зарыл болгон өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий