• 85.8
  • 93.01
  • 0.89

Алдынкы окуучуларды өстүргөн элеттеги мектеп

Маек 0

Билим берүү тармагында эбегейсиз эмгеги үчүн Эгемендик майрамында “Эмгек Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы менен сыйланган Ош облусунун Ноокат районундагы “Ноокат билимканасы” интернат-лицейинин уюштуруучусу жана илимий жетекчиси Өмүрзак Мамаюсупов Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине маек берип, өзү түптөгөн мектептин өзгөчөлүгү жана Кыргызстанга 12 жылдык билим берүү системасын киргизүүнүн зарылчылы тууралуу айтып берди.

- Кыргызстанда өзгөчөлөнгөн окутуу ыкмасын айкалыштыруу менен алдыңкы окуучуларды даярдаган “Ноокат билимканасы” интернат-лицейинин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берсеңиз?

- “Ноокат билимканасы” интернат-лицейи 1989-жылы Ноокат районунун мурдагы Калинин айылы кийинки Кара-Таш айылында алгач 18 баладан турган бир класстын түзүлүшү менен ачылган. Новосибирск университетинен алган билимимди, тажрыйбамды колдонуп, балдар массалык түрдө сапаттуу билим алышса деген максатта башында бул мектепти Бишкекте ачууну көздөгөм. Бирок ошол кезде “жогорку жак” уруксаат бербейт деген жооптор болуп, өзүмдүн айылым Кара-Ташта ачууга туура келди. “Ноокат билимканасына” быйыл туура 35 жыл болду. Бул мезгил аралыгында мектепти 1 миң 428 окуучу ийгиликтүү аяктады. Анын ичинен 32 бүтүрүүчү алтын медаль, 145 - кызыл аттестат, 56 бүтүрүүчү - “Алтын тамга”, 2 окуучу - “Алтын сертификат” жана эки бүтүрүүчүсү президенттин Мактоо баракчасынын ээси болушту. Бүтүрүүчүлөрдүн жыйырмага жакыны илимдин кандидаты, доктору. Түзүлгөндөн тарта айылдык мектеп Бишкектин алдыңкы мектептеринин деңгээлинде билим берет.

- Мектептин өзгөчөлүгү, мыкты окуган окуучуларды даярдоонун сыры эмнеде?

- Биз 7-классты аяктаган балдарды мектеп программасынын негизинде түзүлгөн тест аркылуу эле тандап алып, 8-класстан 11-класска чейин окутабыз. Окуу кадимки мектеп программасы менен жүргүзүлөт, бир өзгөчөлүгү ага кошумча тапшырмалар, окутуулар жүргүзүлүп, башка облустардан келген балдар жатып окушат. Жалпы 260тын тегерегинде окуучулар билим алышса, алардын ичинен 120дан ашык бала сырттан келет. Ал эми калганы ошол айылдын жана коңшу айылдардын балдары. Мектептин билим берүүдөгү эң негизги артыкчылы сабактан тышкары окуучуларга тапшырмалар берилет, мугалимдер окуучулар менен тыгыз иштешет. Мисалы, ар бир окуучуга күнүгө негизги тапшармадан башка 10дон эсеп кошумча берилет. Ар бир мугалим эртеңки өтүлө турган сабактын темасын алдын ала айтып, окуучулар эртеси күнкү сабакка даярданып келишет. Бул сабактын кызыктуу өтүүсүнө өбөлгө болот. Үчүнчүсү бизде окуган окуучулар айылдагы кары адамдарга, кыйынчылыкта жашаган үй-бүлөлөргө, жетим-жесирлерге барып үй жумуштарына жардам беришип, эмгекке тарбияланышат. Ошондой эле англис, орус тилинен ар бир сабакка кошумча 5тен сөз жаттоо салтка айланган. Бул “Ноокат билимканасы” лицейинин канча жылдан бери өзгөрүүсүз келе жаткан тартиби.

- “Ноокат билимканасынын” бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөдөн кандай жыйынтык көрсөтүшөт, кайсы окуу жайларга окууга тапшырышат?

- Лицейди быйыл 70 бала бүтүрүп, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо балл 173,6ды түздү. 15тей бала 200 балл алып, жогоруда айткандай, 2 окуучу “Алтын сертификат”, эки бүтүрүүчү президенттин Мактоо баракчасын алышты. Биздин бүтүрүүчүлөр көбүнчө Медициналык академиянын бюджеттик орундарына, Кыргыз-Түрк Манас университетине өтүп окушат. ЖРТнын жыйынтыгы менен бир эмес, 2-3 окууга өтүшүп, өздөрү каалаганын тандап окуп келатышат. Оштогу университеттин алдыңкы орундарынын баарын биздин окуучулар ээлешет. Белгилей кетсек, биздин лицейде акча төлөп окууга мүмкүнчүлүгү жок, жөнөкөй карапайым калктын балдары билим алат.

- Интернат-лицей болгондуктан балдардын тамак-аш, жатакана жана жашоо шартына керектөөлөрү сыяктуу маселелер кандай чечилет?

- Окуучулар үчүн бардык шарты бар жатакана ашар жолу менен курулган. Жеке ишкерлердин жардамы менен 1 миллион сом жыйналып, 3 кабаттуу 125 балага ылайыктуу жатакана 2020-жылы курулуп, айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп берилген. Башка региондордон келген балдарга бериле турган үч маал тамагы, мугалимдердин маянасы кадимкидей эле мамлекет тарабынан төлөнөт. Биздин максат мамлекет түзүп берген шарттарды колдонуу менен өлкөбүздү өнүктүрүүгө өз салымын кошо турган билимдүү жаштарды даярдоо.

- Мектептерди 12 жылдык окуу системасына өткөрүүгө карата пикириңиз кандай?

- Эң негизгиси 12 жылдык окутуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жардам бериши керек. Мында биздин окуу системабыз дүйнөлүк стандартка жооп берип, бүтүрүүчүлөрүбүз чет өлкөлөрдүн окуу жайларына эч көйгөйсүз тапшыра алышат. Мисалы чет өлкөгө барып окуу үчүн аттестат керек, ал эми биз эски союз учурундагы система менен келатабыз. Бул система эч жерде жарабай калган, дүйнө 12 жылдык окуу системасында. Биздин аттестат бир гана Россияга жарайт. Балдарыбыздын билим алуудагы кеңири мүмкүнчүлүгү, тандоосу болуусу үчүн да биз жаңы системага өтүшүбүз керек. Мектепти бүткөн балдардын баары эле академик болбойт, ар бир бала өзүнүн дараметине жараша окуп, 12–класска чейин барабы же жокпу өзү чечиш керек.

Чолпон Жумалиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий