Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Бишкектин азык-түлүк базарларында эттин баасы 500 сомдон баштап сатылууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бүгүн ведомство кызматкерлери социалдык маанидеги азыктардын бири болгон эт азыктарынын баасына Аламүдүн, Орто-Сай жана Ош базарларында мониторинг жүргүзүштү.
Алсак, Аламүдүн базарында бодо малдын эти 550-600 сом, жылкы эти 500-550 сом, кой эти 500-590 сом, Орто-Сай базарында бодо мал эти 550-650 сом, жылкынын эти 500-600 сом, кой эти 580-600 сом, Ош базарында бодо мал эти 550-580 сом, жылкынын эти 450-550 сом, кой эти 550-580 сомдун тегерегинде сатылууда.
Белгиленгендей, жогоруда аталган азык-түлүк базарларында уюштурулган социалдык аянтчалар бүгүнкү күндө да иштеп жатат.
Пикир
Оставить комментарий