Бишкек, 10-март /Кабар/. Бишкектин бир катар райондорунда 4 күн газ болбойт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, газ түтүктөрүндөгү оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу төмөнкү райондорго жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат:
- 14-марттан 16-мартка чейин Шевченко, Фрунзе, Үмөталиев, Жибек-Жолу көчөлөрү менен чектелген районго;
- 14-марттан 17-мартка чейин №12 кичирайонго.
Оңдоо иштери коопсуздукту камсыздоо жана жабдыктардын үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий