Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Бишкектин бир катар райондорунда ысык суу 11 күнгө өчүрүлгөнүн шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Фучика №19/1 дарегиндеги газ өтүүчү түтүктөгү оңдоо иштерине байланыштуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧК жаратылыш газды берүүнү токтотту.
Мындан улам “Бишкекжылуулукэнерго” мекемеси 13-24-сентябрь аралыгында төмөнкү буу казандарда ысык суу жок болорун билдирет:
- КЭЧ-1;
- КЭЧ-2;
- аскер бөлүгүндө;
- №1 мектеп-интернаты.
Пикир
Оставить комментарий