• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бишкек мэриясы: Мындан ары №206 маршруттук каттамдын ордуна №41 автобус каттамы жүрөт

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Мындан ары №206 маршруттук каттамдын ордуна №41 автобустук каттам жүрөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаардыктардын жана «Мурас-Ордо» конушунун тургундарынын кайрылуусу боюнча №206 кичиавтобустук каттам канааттандырарлык эмес иштеп жаткандыгына байланыштуу жана «Жазада-Транс» ЖЧКсы тарабынан шаар алдындагы келишимдик милдеттенмелери аткарылбай жаткандыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы (ШТБ) жогоруда аталган ишкана менен келишимдик мамилелерин токтотту.

Жогорду аталган кичиавтобустун жабылышына байланыштуу, №41 автобустук каттам («Мурас-Ордо» ж/к – Ош базары) 3 айлык мөөнөт менен сынак өткөрүлгөнгө чейин «Шыдыр Жол Кей Жи» ЖЧКсына бекитилди. Келишимге кол коюлду.

Бүгүнкү күндө №41 автобустук каттам пландык чыгуусу 10 бирдик менен линияга 7 бирдик чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий