Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Бишкектин бир районунда убактылуу суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, "Белинский" суу алгычында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 26-апрелде саат 9:00дөн кечки 20:00гө чейин Фрунзе, Күрөңкеев, Абдрахманов көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульвары чектешкен аймакта таза суу убактылуу токтотулат.
"Бишкексууканал" ЖЭБи келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, шаар тургундарынан жана мекемелерден ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.
“Суу менен камсыздоо боюнча бардык суроолорду 1533 кыска номерине калтырыңыздар. Ошондой эле, мэриянын колл-борбору күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номерлери аркылуу бардык кайрылууларды кабыл алат, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 18 21 85 номерине жөнөтсөңүз болот”, - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий