• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек арада бошотулган жарандар. УКМКнын Чек ара кызматы окуя тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү чек арада бошотулган кыргыз жана тажик жарандары тууралуу айтып берди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-майда, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылында чыр-чатак катталган.

Ворухтан (ТР) Исфара шаарына (ТР) багыттап бараткан маршруттук такси Ак-Сай айылында (КР) токтогон.

Тажикстан Республикасынын үч жараны таксиден түшүп калышып Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан транзиттик жолдо өтүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалышкан.

Ак-Сай (КР) айылы аркылуу Ворух анклавынан Исфара шаарына (ТР) барган жол транзиттик болуп саналат жана бул жакта өтүүдө төмөндөгү эрежелер сакталышы керек: токтоосуз өтүү, адамдарды түшүрүүгө/отургузууга, жүктөрдү жана башка мүлктөрдү жүктөөгө/түшүрүүгө тыюу салынат.

Жагдайды териштирүү учурунда Тажикстандын кармалган жарандарынын бири Тажикстан Республикасынын УКМКнин кызматкери экени, экинчиси – ТР УКМК Чек ара аскерлеринин аскер кызматчысы экендиги аныкталган.

Ошол эле учурда Баткен облусунун Баткен районунун Тамдык жергесинен Ворух анклавы аркылуу Ак-Сай айылына бара жаткан Кыргыз Республикасынын үч жаранын Тажикстан Республикасынын 30-40 адамдан турган жарандар тобу кармап алышкан.

Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын сүйлөшүүсү өтүп, анын жыйынтыгында кармалагандарды алмашуу чечими кабыл алынган. Бирок алмашуу жүрө турчу жерге Ак-Сай айылы аркылуу баратканда Кыргызстандын жарандары ТР УКМК Чек ара аскерлеринин аскер кызматчылары бараткан унааны таш менен ургулашкан.

Бүгүн саат 13:30да эки республиканын жарандары тараптарга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий