• 87.7
  • 94.85
  • 0.98

Бишкектин борборунда айыл чарба жарманкеси өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын борборунда жылдын аягына чейин айыл чарба жарманкеси өткөрүлүп турат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин Раззаков көчөсү менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтөт.

Жарманкеде ортомчусуз 50дон ашык өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба жана тамак-аш продукциясын (жумуртка-90сом, эт-420сом, сүт азыктары, жашылча жана башкалар) дүң баа менен сатып алууга мүмкүн болот.

Пикир

Оставить комментарий