• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелгендердин экономикалык укуктарын ишке ашыруу талкууланат

Коом 0

Бишкек, 14.09.17. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 14-сентябрда Европа биримдиги каржылаган INSPIRED+ долбоорунун алкагында “Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин экономикалык укуктарын ишке ашыруу: тараптардын пикирлери” семинары өтөт.

Иш чарага коомдук уюмдар, мамлекеттик түзүмдөр жана жеке тармактын өкүлдөрү катышат.

Журналисттер коомдук жайлардын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ыңгайлуулугу тууралуу теманы жигердүү козгоп жатышат. Бирок мүмкүнчүлүгү чектелгендердин иш менен камсыз болуу маселеси күнүмдүк чагылдырылган тема болуп саналбайт.

Иш чара талкуу түрүндө өтүп, бул маселени чечүү жолдору боюнча пикирлер жана сунуштар айтылат.

Пикир

Оставить комментарий