• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

Жайкы олимпиада оюндары 2024-жылы Парижде, 2028-жылы Лос-Анжелесте өткөрүлөт

Спорт 0

Бишкек, 14.09.17. /Кабар/. 2024-жылы Жайкы Олимпиада оюндарынын борбору Париж болот, ал эми 2028-жылы жайкы олимпиада оюндарын Лос-Анжелес өткөрөт. Бул тууралуу РИА Новости маалымдайт.

Париж менен Лос-Анжелесте олимпиада оюндарын өткөрүү чечими Эл аралык олимпиада комитетинин жыйынында бир добуштан кабыл алынды.

Париж менен Лос-Анжелес 2024-2028-жылдары жайкы олимпиада оюндарын өткөрүүдөгү жалгыз талапкерлер болгон.

Жайкы олимпиада оюндары 1896-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы ирээт Рио-де-Жанейродо (Бразилия) 2016-жылы 5-21-август аралыгында өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий